«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы лифт чарбасынын кызматы үчүн абоненттердин карыздарын кыскартуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Бул иштердин алкагында абоненттер менен иштөө секторунун кызматкерлери узак убакыт бою төлөм жүргүзбөгөн абоненттер арасында рейддик иш-чараларды өткөрүштү. Айрым абоненттердин карызынын суммасы 5 миң сомдон ашат.
Мындан тышкары, тургундарга өз убагында төлөө маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, карызды тез арада төлөө зарылчылыгы жөнүндө кат түрүндө эскертүүлөр тапшырылды. Ири суммадагы карызы бар жана жазуу жүзүндөгү эскертүүлөрдү көз жаздымда калтырган абоненттердин лифттери убактылуу токтотулду.
«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын жоопкерчиликтүү болууга жана эсеп-дүмүрчөктөрүн өз убагында төлөөгө чакырат.