2025-жылдын 14-августунда саат 10:00дөн 24:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу өчүрүлөт.
Өчүрүү аймагы көчөлөр менен чектешет:
Усенбаев -Күрөңкеев - БЧК - Элебесов - Аул - Керамическая - Хвойная көчөлөрү.
Бузууларды жоюуга байланыштуу суу токтотулат.
“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.