Бүгүн, 2025-жылдын 11-августунда Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевдин жетекчилиги алдында  Ош базарына көчмө жыйын өттү.

Жыйындын алкагында Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги коргоо зонасында жайгашкан соода объекттерин текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Учурда муниципалитет тарабынан демонтаждалууга тийиш болгон болжол менен 70тей соода жайынын тизмеси түзүлүп жатат. Ошол эле учурда, оң тарабында жайгашкан бир соода катарын сактап калуу мүмкүнчүлүгү да каралууда.

Эскерте кетсек, Ош базарынын аймагында муниципалдык кызматтарга жумушка орношууга арналган вакансия күркөсү орнотулган. Каалагандар үчүн бош кызмат орундары, айлык акылары тууралуу маалыматтар жайгаштырылган. Жалпысынан шаардык кызматтарда 1400 бош орун бар.

Мындан тышкары, соодагерлер мыйзамдуу негизде ишмердүүлүгүн улантуу үчүн базардын ичинде 20 бош соода оруну бар.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен борбор калаадагы бардык базарларда мыйзамсыз сооданы жоюу, көрктөндүрүү жана суулардын жээктерин бошотуп, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.