Бишкек шаарынын Райондук аралык сотунун чечиминин негизинде, Фучик паркындагы жалпы аянты 1013 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси жеке менчикке өткөрүлгөн жана менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт берилген.
Бирок, Бишкек шаардык прокуратурасынын буйругунун негизинде Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Райондор аралык соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.
Соттук териштирүү учурунда райондук соттун чечими жокко чыгарылды. Соттун чечими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинде каттоодон өткөрүлүп, жаран С.Бнын менчик укугу токтотулду.
Учурда бул жер тилкеси кайрадан Бишкек шаарынын мэриясына таандык деп эсептелинет.
Эскерте кетсек, буга чейин Фучик көч., 16 дарегинде ачык асман алдындагы кинотеатр жайгашкан. Б Башкармалыктын адистери кызыкдар тараптарга бул объектке карата кабыл алынган чечим жана андан аркы аракеттер жөнүндө алдын ала кабарлашкан.