2025-жылдын 10-августунда “Сейтек Спорт”  спорттук комплексинде бадминтон боюнча шаар биринчилиги жана чемпионат  өттү. Аны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурду. Мелдешке 96 спортчу катышты.

Иш-чара сергек жашоого үндөө, бадминтонду жайылтуу жана Бишкек шаарынын курама командасын түзүү максатында өткөрүлдү.

Чемпионат төмөнкү категориялар боюнча өткөрүлдү: аялдар (жалгыз); эркектер (жалгыз); аялдар жуп; эркектер жуп; аралаш жуп (микс).

Бишкек шаардык чемпионатынын жеңүүчүлөрү:
Аялдардын жалгыз категориясы:
1-орун - Шайлообекова Нурайым;
2-орун - Кубатбекова Адеми;
3-орун - Туратбекова Эркайым;

Аялдардын жуп категориясы:
1-орун - Шайлообекова Нурайым / Кубатбекова Адеми;
2-орун - Сошанло Наиля / Туратбекова Эркайым;
3-орун - Сатыбалдиева Матлюба / Келдибекова Диана;

Эркектердин жалгыз категориясы:
1-орун - Абдулла Алиев;
2-орун – Деркенбаев Артур;
3-орун - Осмонбеков Элбар;

Эркектердин жуп категориясы:
1-орун - Алиев Абдулла / Осмонбеков Элбар;
2-орун - Кубанычбеков Адилхан / Эркинбеков Байел;
3-орун - Шаршеев Амир / Кадыралиев Эльдар;

Бишкек чемпионатынын жеке категорияларынын жеңүүчүлөрү:

Жалгыз аялдар категориясы:
1-орун - Ясмин Айсарова;
2-орун - Алмазбек кызы Акбермет;
3-орун - Талайгүл Турарова;

Аялдардын жуп категориясы
1-орун - Акбермет Алмазбек кызы / Талайгүл Турарова;
2-орун - Ясмин Айсарова / Алтынай Бектурсунова;
3-орун - Айназик Мээримбекова / Нурайым Туруспекова;

Жалгыз эркектер категориясы:
1. Абдумалик Садыков;
2. Мансур Турумбеков;
3. Алмаз Ташматов;

Эркектердин жуп категориясы:
1-орун - Абдумалик Садыков / Алмаз Ташматов;
2-орун - Клементий Воецкий / Игорь Ли;
3-орун - Мансур Турумбеков / Ислам Сагыналиев.

Мелдештин бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери медаль, грамота, кубок жана эстелик белектер менен сыйланышты.