2025-жылдын 11-августунан 31-августуна чейин Фучик көчөсү оңдоп-түзөө иштери үчүн убактылуу жабылат.
Тактап айтканда, унаа кыймылы үчүн Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки жолдун батыш тарабындагы бөлүгү жабылат.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор шаарыбыздын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жаралган жагдайга түшүнүү менен мамиле кылып, жол тыгындарын болтурбоо үчүн жеке автотранспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.