Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин айрым бөлүктөрү 2025-жылдын 12-августунан 23-августуна чейин оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.
Биринчи этапта транспорт кыймылы үчүн Фучик көчөсүнөн Интергельпо көчөсүнө чейин жана ошондой эле Алыкулов көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки жолдун түштүк тарабы жабылат.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор шаарыбыздын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жаралган жагдайга түшүнүү менен мамиле кылып, жол тыгынын болтурбоо үчүн жеке автотранспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.