Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди коомдук мааниси жогору болгон демилге — борбор калаанын аймагында санитардык объектилердин (коомдук ажатканалардын) түйүнүн өнүктүрүүгө катышууга чакырат.

Жеткиликтүү жана заманбап санитардык инфраструктураны өнүктүрүү — шаардыктар жана шаар коноктору үчүн ыңгайлуу, таза жана коопсуз шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Биздин максат — санитардык объектилердин шаардык мейкиндиктин ажырагыс, заманбап, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген жана экономикалык жактан туруктуу бөлүгү болушу.

Бул демилгенин алкагында, бардык кызыкдар тараптарды аталган долбоорду ишке ашырууга катышууга чакырабыз. Сиздерден санитардык объектилерди жайгаштыруу үчүн каралуучу мүмкүн болгон локацияларды, фотосүрөттөр менен коштолгон презентацияларды жана долбоордук сунуштарды жөнөтүүгө чакырабыз.

Инвестициялык жана долбоордук сунуштарды, анын ичинде стандарттуу эмес жана инновациялык чечимдерди кароого даярбыз: автономдуу суу менен камсыздоосу бар модулдар, энергия үнөмдөөчү технологиялар, майыптыгы бар жарандарга ылайыкташтырылган жабдуулар, автоматтык тейлөө системалары жана башка.

Мэрия кызматташтыктын ар кандай форматтарын кароого даяр — жер участкаларын ижарага берүү, жеке демилгелер негизиндеги долбоорлор же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери аркылуу. Артыкчылык, туруктуулук, санитардык коопсуздук жана айлана-чөйрөгө архитектуралык жактан шайкеш келүү сыяктуу талаптарга жооп берген долбоорлорго берилет.

Эгерде сиздер бул программага катышууга кызыкдар болсоңуздар, долбоордук сунуштарыңызды, сүрөттөр жана презентация менен кошо төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүңүздөрдү чакырабыз: indirabolotbek@gmail.com.
Эгерде сиздин сунушуңузга Бишкек шаары кызыкдар болсо, долбоорду кеңири талкуулоо үчүн сиздерди жолугушууга чакырабыз.

Келгиле, шаар тургундары жана коноктору үчүн санитардык маданияты жогорку деңгээлде болгон, заманбап жана ыңгайлуу Бишкекти бирге куралы!

Кошумча суроолор боюнча төмөнкү телефон аркылуу байланышсаңыздар болот: 0312 979195 (0329)