Дубосеков көчөсүндөгү жолду реконструкциялоонун алкагында жеринде комиссиялык текшерүү өткөрүлдү. Ага Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары М. Нурланбеков, Биринчи Май райондук акимиятынын биринчи орун басары Р. Жолдошов, «Бишкекбашкыархитектура» МБнун жана №15 МАБдын адистери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө муниципалдык жерлерди пайдалануу маселелери каралды. Район тургундары талкууга активдүү катышып, өздөрүнүн жер тилкелери боюнча мамлекеттик актыларын көрсөтүштү. Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым тилкелер белгиленген чек арадан чыгып, 1,20 метрге муниципалдык жерди ээлеп турганы аныкталды.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча жолду кеңейтүүгө тоскоол болгон жер участокторун ыктыярдуу бошотуу чечими кабыл алынды. Болбосо, курулуштарды Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан демонтаждоо иштери жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, Биринчи Май районундагы Республиканская көчөсүндө 35 тосмо жана чарбалык курулмалар бузулган.
Ростов көчөсүндө 15 объект демонтаждалды. Ошондой эле Новосибирск жана Оренбург көчөлөрү боюнча жолдорду кеңейтүү пландалып жаткандыгына байланыштуу, башкармалык тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Андан сырткары, Юбилейная көчөсүндө менчик ээлерине билдирүүлөр тапшырылды. Учурда ыктыярдуу түрдө 2 тосмо демонтаждалды.