Бишкек шаарында 2025-жылдын 9-августунда саат 06:00дөн баштап Курманжан датка жана Салиева көчөлөрүнүн кесилиши бир күнгө унаа кыймылы үчүн жабылат.
Иш-чара Курманжан датка көчөсүн калыбына келтирүүнүн алкагында өтүүдө.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы бул жагдайга түшүнүү менен мамиле жасап, жол тыгынын болтурбоо үчүн жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну өтүнөт.