Борбор калаанын социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан күзгү-кышкы мезгилге даярдык боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
Бул иштин алкагында райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан аз камсыз болгон жарандарга катуу отун (көмүр) сатып алууга акчалай компенсация төлөнүүдө. Катуу отун менен камсыз кылуунун ордуна акчалай компенсация 6000 сом өлчөмүндө белгиленген, ал эми жалгыз жашаган пенсионерлерге жана сырттан жардамга муктаж адамдарга отун жеткирүү үчүн компенсация 700 сомдон 900 сомго чейин.
2025–2026-жылдардагы жылытуу мезгилине жалпысынан Бишкек шаары боюнча 1378 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жана жетим балдар, туруктуу жашаган жери жок адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар менен иштеген төрт уюмга төлөнүп берилет.
Бул жардам шаарда туруктуу каттоодо турган жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында муктаждык критерийин тастыктаган документтердин негизинде, ошондой эле арыз ээсинин турак жай-тиричилик шарттарын жеринде изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эсепте турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн каралган.
Катуу отун үчүн компенсация төлөөгө документтерди кабыл алуу ушул жылдын 1-июлунан 31-октябрына чейин жүргүзүлөт. 2025-жылдын 1-августуна карата Бишкек шаары боюнча жалпысынан 945 үй-бүлөгө акчалай компенсация төлөндү.