Бишкек шаарында жеткиликтүү шаардык чөйрөнү түзүүнүн алкагында мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн төмөнкү даректерге кошумча пандустарды куруу иштери аяктады: №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, «Спорт комплекси» мамлекеттик ишканасы жана Октябрь районунун Социалдык фонду.

Бүгүн, 2025-жылдын 7-августунда шаар мэри Айбек Джунушалиев жана “New Age” коомдук фондунун төрагасы Аскар Турдугуловдун катышуусунда №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жаңы пандус ачылды.

Борбор калаа башчысы бардык чарба жүргүзүүчү субъекттерди өз аймактарына белгиленген үлгүдөгү пандустарды орнотууга чакырды.

Ошондой эле мэр үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун аймагын көрүп чыгып, имараттын фасадын иретке келтирип, кафель төшөлгөн тепкичтерин алмаштырууну тапшырды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 10 жерге заманбап стандарттарга жооп берген пандустар орнотулган:
- Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпитал;
- «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борбору;
- Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи;
- Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театры;
- К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасы;
- Чүй облустук Ш. Термечиков атындагы драм театры;
- №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Мүлктү башкаруу башкармалыгына караштуу «Спорт комплекси» мамлекеттик ишканасы (МСК);
- Октябрь районунун Социалдык фонду.

Мындан тышкары, мэр Айбек Джунушалиев «Бишкекшаарлифт муниципалдык ишканасына авариялык тейлөө үчүн жаңы JAC унааларын тапшырды. Жабдуулар стабилдештирүү фондунун каражатына сатылып алынган.