Борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев КР мыйзамдарына ылайык келбегендиктен үйлөрү бузулуп жаткан жарандардын маселелерин чечүү боюнча өлкө жетекчилигинин кароосуна сунуш киргизди. Бул чечим муниципалитет тарабынан кыска мөөнөттө көп батирлүү  турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторун берүү, адилеттүү кезек түзүү, анын ичинде ипотекалык насыялоонун ийкемдүү шарттарын түзүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Талкуунун жүрүшүндө бул демилге колдоого алынды.

Бүгүнкү күндө муниципалитет бул демилгени ишке ашырууда. Анын жүрүшүндө үйлөрү бузулууга тийиш болгон жарандардын турак-жай маселеси чечилүүдө. Алсак, Мамлекеттик ипотекалык компаниясы  аркылуу Түндүк айланма жолун реконструкциялоодо үйлөрү толугу менен бузулган 18 жаранга батирлер берилип, дагы 13 жаранга МИК аркылуу батир берүү иштери жүрүп жатат.

"Биздин жалпы милдетибиз тартипти гана  орнотуу эмес, ошондой эле адилеттүү мамилени камсыз кылуу. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров ар бир кыргызстандык үй-бүлө турак-жайга ээ болушу керек деген артыкчылыктуу багытты так белгилеген. Биз бул милдетти ишке ашырабыз. Бүгүнкү күндө биз бардык объектилерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирип жатабыз. Бирок бул үйлөр жана башка коммерциялык объектилер мамлекетибиздин саясатынын негизинде курулганын унутпашыбыз керек. Муниципалитет мыйзамсыз объектилерге каршы күрөштүн алкагында жарандардын маселелерин жеке кароо жана  үйлөрүнөн ажырагандарды турак-жай менен камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», - деп белгиледи борбор калаа башчысы.

2025-жылдын январь-июль айларында 6300дөн ашык объект бузулуп, 80859 чарчы метр муниципалдык жер бошотулган (объекттерди ыктыярдуу бузуу боюнча жүргүзүлгөн иштерди эсепке албаганда).