Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев “Дордой” жана “Ош базары” соода жайларын көрктөндүрүү жана өз алдынча соода жүргүзүүнү жоюу максатында текшерүү иштерин жүргүздү.

“Дордой” базарын кыдыруу учурунда шаар башчысы базардын ичиндеги жолдорду, жөө жүрүүчүлөргө арналган өтмөктөрдү жана суу агызуучу түтүк системасын оңдоп-түзөө иштерин баштоону тапшырды.

Шаар башчысы соодагерлер менен жолугуп, контейнерлердин мыйзамдуулугун далилдеген кагаздарды текшерүүнү, ошондой эле жол курулушуна тоскоол болгон курулуштарды өз ыктыяры менен алып салуу тууралуу эскертүү каттарын берүүнү тапшырды.

Мындан сырткары, базар аймагында өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо талаптарын камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

“Ош базарын” кыдыруу учурунда Ленин районунун администрациясына базарды иретке келтирүү боюнча бардык иштерди көзөмөлгө алып, жыйынтыктоону камсыз кылуу милдети жүктөлдү.

Шаардык кызматтарга Ала-Арча дарыясынын боюндагы уруксат берүүчү кагаздары жок орнотулган курулуштарды алып салуу, тегерек-четин таштандылардан тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы коюлду.

Белгилей кетсек, шаар башчысы Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, борбор калаадагы бардык базарларды иретке келтирүү жана белгиленген талаптарга ылайыкташтыруу иштери уланууда.