«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын лифт ээлерине жана колдонуучуларына кайрылат.

Лифттерди орнотуу, ишке киргизүү, оңдоо жана техникалык тейлөө иштери Кыргыз Республикасынын лифттерди орнотуу жана коопсуз пайдалануу эрежелеринин (ПУБЭЛ) 370–371-пункттарына ылайык, адистештирилген лицензиясы бар квалификациялуу адистер менен камсыз болгон атайын ишканалар тарабынан гана аткарылышы керек. Бул иштер эки тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлөт.

Эгерде лифтти пайдалануу эрежелери бузулуп, авариялык кырдаал жаралса, анда жоопкерчилик лифттин ээлерине — анын ичинде үй комитеттерине жана турак-жай ээлеринин шериктештигине (ТЖЭШ) жүктөлөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жарандардын жашоосуна жана саламаттыгына зыян келтирүү административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.

«Бишкекшаарлифт» учурдагы мыйзамдар менен техникалык талаптарды так сактоого чакырат. Бул эрежелердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүү тиешелүү көзөмөлдөөчү органдар тарабынан ишке ашырылат.