2025-жылдын 1-2-августунда Чолпон-Ата шаарында 14 өлкөнүн аткаруучуларынын башын бириктирген «Рух Санат» дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалы өттү.

Фестивалдын башкы сыйлыгы — Гран-при жана 500 миң сом акчалай сыйлыкты Кыргызстандын атынан келген Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын «Акак» комузчулар ансамбли жеңип алды.

«Акак» ансамбли жогорку чеберчилигин, өзгөчө аткаруусун жана кыргыз музыкалык салттарын терең түшүнгөнүн көрсөтүп, жети адистен турган эл аралык калыстар тобунун купулуна толду.

Фестивалга 82 аткаруучу — соло артисттер да, топтор да кирди. Байге фонду 3 миллион сомду түздү.

Мындан ары “Рух Санат” фестивалы эки жылда бир өткөрүлөт. Кийинки орун Жалал-Абад облусу. Быйыл негизги тема салттуу музыка жана маданият болсо, кийинки жолу уюштуруучулар фестивалды этникалык бийге арнамакчы.