Бишкек шаарында 2025-жылдын 7-августунан 14-августуна чейин Фрунзе көчөсү менен Шопоков көчөсүнүн кесилиши жабылат.
Аталган аймакта жылуулук тармагын алмаштыруу иштери жүрөт. Пландаштырылган оңдоо иштеринин алкагында Фрунзе көчөсүнүн Т. Айтматов көчөсүнөн К. Тыныстанов көчөсүнө чейинки аралыгында узундугу 1600 метр түтүктө оңдоо иштери жүргүзүлөт. Түтүктөрдүн диаметри 700 ммден 900 ммге чейин кеңейтилет.
1971-жылдан бери иштеп келген жылуулук тармактар (54 жыл) эскилиги жетип, колдонуу мөөнөтү аяктагандыктан, шашылыш алмаштырууну талап кылат.
“Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле жасап, жол каттамын алдын ала пландап алууну суранат.