Бишкек шаарында 2025-жылдын 5-августунан тарта 5 автобус каттамынын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү.

Тактап айтканда, төмөнкү каттамдардын жүрүү багыттары өзгөрөт: №101, №61, №100 – «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасына тиешелүү  жана №10, №11 – «Эко жүргүнчүлөрдү ташуучу» ЖЧКсы тарабынан тейленүүчү каттамдар.

Өзгөртүүлөр Ахунбаев көчөсүнүн Б.Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан оңдоо жана реабилитация иштерине байланыштуу киргизилүүдө.

Эскерте кетсек, 2025-жылы Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот. Ал эми 2024-жылы Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү оңдолгон.

Урматтуу шаар тургундары жана  коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну, маршруттарыңызды алдын-ала пландоону жана мүмкүн болушунча жеке автоунаалардын ордуна коомдук транспортту колдонууңуздарды өтүнөт.