«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасында айдоочулар жана кызматкерлер үчүн отчёттук жыйын өттү.

Жаңы окуу жылынын башталышына жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекторлору менен биргеликте айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, жөө жүргүнчүлөрдүн, өзгөчө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эскертүүлөр берилди.

Ишкананын жетекчилиги жана инспекторлор жүргүнчүлөргө сапаттуу жана коопсуз тейлөө көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Белгилей кетсек, мындай иш чаралар үзгүлтүксүз түрдө өткөрүлүп турат.