"Ак Илбирс" олимпидалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин бүтүрүүчүсү Адисбек Алтынбеков Афинада (Греция) өтүп жаткан 17 жашка чейинки (U-17) өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.
Адисбек 65 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, ишенимдүү техникасын, жеңишке болгон эркти жана жогорку даярдыкты көрсөтүп, башка өлкөнүн атаандаштарын бир нече жолу жеңип алды.
17 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (United World Wrestling) колдоосу астында өтүүдө.
Мындай турнирлерге катышуу жаш спортчуларга тажрыйба топтоп, дүйнөлүк аренада өзүн көрсөтүүгө шарт түзөт.