Бишкек шаарында 2025-жылдын 5-августунда жолду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу Ахунбаев көчөсүнүн Б.Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин  көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

2025-жылы Ахунбаев көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин оңдолууда.

Эске салсак, 2024-жылы Ахунбаев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейин оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландап, коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.