Борбордук Ала-Тоо аянтында жайгашкан "Айкөл Манас" айкели жана постаменти реконструкциялангандан кийин  ачылды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, калаа мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, скульптор, «Айкөл Манас» эстелигинин автору Тамила Маматова жана башкалар катышты.

Манас – бул жөн гана дастандык каарман эмес, ал – кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, жан дүйнөсүн даңазалаган түбөлүктүү деми. Ал элдин биримдигин бекемдеп, эгемендикке умтулган эр жүрөк муундардын башын бириктирген руханий тирек. Бүгүнкү технология өнүккөн доордо да руханиятсыз эл алдыга жылбайт. Манас ата – ошол рухтун жандуу үлгүсү жана уңгулуу жолу. Анын айкөлдүк философиясы жаштарга жол көрсөтчү жарык. Жаратмандык, ыйман, сабырдуулук жана адилеттик – мына ушул сапаттар келечек ээлерин адам кылат, -деди "Э.Байсалов.

Эстеликтин жаңыланган постаменти кар баскан кыргыз таштарын элестетет. Ал 15 градус бурчта жасалып, ак мрамор менен капталган, бул айланадагы архитектуралык чөйрө менен шайкештик  түзүп, шаардык чөйрөгө жаңы эстетикалык тереңдик тартуулайт.

Манастын айкели жаратылыштын символдору – ак илбирс жана рельефте тартылган  бүркүт менен коштолгон. Бул элементтер Кыргызстандын жаратылышынын байлыгын жана анын улуттук символикасын баса белгилейт. Манастын ишенимдүү аргымагы булуттарды аралап, жакын жерде эркиндикти, мамлекеттик көз карандысыздыкты чагылдырган бүркүт учуп бараткансыйт.

Айкелдин жалпы бийиктиги постамент менен бирге 33 метрди түзөт, бул эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына арналган. Скульптура коло эритмесинен, ал эми постамент бетондон, металл конструкциялардан жана мрамордон жасалган.