Бишкек шаарынын мэриясына суусундуктарды чыгарган жеке ишкананын кичи фабрикасынын жанында жайгашкан Ленин районунун тургундарынан көптөгөн кайрылуулар түшкөн. Бир нече жылдан бери шаар тургундары ызы-чуунун деңгээли жогорулап, өндүрүш жайынын жанындагы жашоо-турмуштун жагымсыз шарттарына тынчсыздануусун билдирип келишет.
Ошондой эле ишканага жакын жерде муниципалдык китепкана бар, ал эски абалына карабастан, жергиликтүү тургундардын арасында популярдуу.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарынын башкы архитекторуна бардык укук белгилөөчү документтерди изилдеп, өндүрүш объектинин жайгашкан жеринин мамлекеттик санитардык жана шаар куруу ченемдерине ылайык келүүсүн текшерүү тапшырмасы берилди.
Мындан тышкары, райондук администрацияга заводдун жанында жашаган тогуз үй-бүлөнүн турак жайынын базар баасын аныктоо үчүн көз карандысыз баалоочуларды тартуу тапшырылды. Бул, эгерде жеке компания жашоочуларды көчүрүү максатында батирлерди сатып алып же альтернативдик жер тилкелерин сунуштоого даяр болсо, зарыл болот.
Белгилей кетсек, жеке компаниянын жетекчилиги мэрия менен макулдашылган башка жерге жаңы заманбап муниципалдык китепкана курууга даярдыгын билдирди.
Ошондой эле, мэрдин тапшырмасы менен келерки аптада жеке компаниянын өкүлдөрү, жакынкы үйлөрдүн жашоочулары жана жооптуу муниципалдык кызматтардын катышуусунда кеңейтилген жыйын уюштурулат.
Мэриянын максаты - кырдаалды ачык талкуулоо жана бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алган чечимдерди иштеп чыгуу.