Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жетектеген комиссия билим берүү, спорт жана маданият мекемелеринин 2025-2026-окуу жылына карата даярдыгынын жүрүшүн көзөмөлдөөнү улантууда.

Бүгүн Ленин районунун объектилерин кыдыруу болду.  №55, №72, №80, №84 мектептер,  №141 бала бакча, ошондой эле бир катар спорттук жана маданий мекемелер, анын ичинде "Ак Илбирс" ОРӨБСМдин  теннис мектеби, балдар искусство мектеби жана №77 орто мектебине караштуу китепкана  текшерилди.

Көпчүлүк объектилерде капиталдык жана утурумдук оңдоо, аймактарды көрктөндүрүү жана инженердик тармактарды даярдоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Мекемелер 1-сентябрдан баштап окуучуларды жана тарбиялануучуларды кабыл алууга толук даяр болушу үчүн бардык иштер аяктоо алдында турат.

Аймактарды рационалдуу пайдалануу менен байланышкан маселелер өзүнчө каралды. Мектептердин биринде жанаша жайгашкан мектеп участогун жеке сектордун жашоочулары пайдалангандыгы катталган — бул факт боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт. Ошондой эле резервдик объект катары гана колдонулушу керек болгон сырткы даараткананы иретке келтирүү зарылдыгына көңүл бурулат.

Мектепке чейинки мекемелер боюнча даярдыктын жүрүшүнө таасир этпеген жана ыкчам четтетүүгө тийиш болгон айрым техникалык эскертүүлөр аныкталган.

Мындан тышкары, №55 мектептин аймагында жаңы окуу корпусун куруу мүмкүнчүлүгү каралууда, бул маселе иштелип жатат.

Спорттук инфраструктурага келсек, жакынкы күндөрү объекттерде оңдоо иштеринин башталышы күтүлүүдө, ошондой эле спорттук жана административдик функцияларды бириктирген "Ак Илбирс" спорт мектебинин базасында жаңы дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин (ФОКа) долбоорлоо улантылууда.

Окуу жылына даярдык пландык режимде улантылууда. Бардык аныкталган маселелер көзөмөлдө  турат жана кыска мөөнөттө чечилет.