Бишкек шаарынын мэриясы «Бакай-Ата» жана “Красный строитель” конуштарындагы жашыл аймактарга текшерүү жүргүздү. Шаар мэри коомдук жайлардын абалы менен таанышып, тиешелүү кызматтарга көрктөндүрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

«Бишкек жашыл курулуш»  ишканасынын кызматкерлери жашылдандыруу жана санитардык тазалоо иштерине киришти. Бүгүнкү күнгө  кураган бак-дарак, бадалдарды (кургак калдыктар) алуу, чөптөрдү чабуу, балдар аянтчасын сырдоо, топтолгон таштандылар чыгаруу, жер кыртышы төмөндөтүү иштери жүргүлдү.

Айрыкча ирригациялык тармакка көңүл бурулду, анткени бул аймакта мурда арык болгон эмес. Учурда  «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кол менен арык казып жатышат. Арык системасы жаан-чачын жана сугат сууларын  агызууга мүмкүндүк берип, аймакты суу каптоодон коргойт.

Урматтуу шаар тургундары жана коноктор! Бишкек шаарынын мэриясы эс алуу жайларына аяр мамиле жасап, тазалыкты сактоого жана жашылдандыруу кызматкерлеринин эмгегин урматтоого чакырат.