Борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев  5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган Дөлөн Өмүрзаков атындагы кичи аренанын курулушун  дагы текшерди. Аталган объект Тоголок Молдо көчөсүндө курулуп, 80 унаага ылайыкталган жер астындагы унаа токтотуучу жай менен жабдылат.

Мэр үч кабат жана жер төлөдөн турган аренанын аймагын жана имаратын көрүп чыкты. Комплекстин жалпы аянты 15 342 чарчы метр. Подрядчы — «Евразия Строй Сервис» ЖЧКсы.

Жаңы арена спорттук мелдештерге гана эмес, маданий иш-чараларды өткөрүүгө да арналган.

Бүгүнкү күндө участокто сэндвич-панельден чатыр орнотулуп, ички инженердик тармактары тартылып, биринчи жана экинчи кабаттарында бүтүрүү иштери уланууда. Ошондой эле гипсокартон барактарынан жасалган тосмолор орнотулуп, ванна бөлмөлөрүнө кафель төшөлүүдө.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр бардык курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөө жана өз убагында бүтүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.