2025-жылдын 31-июлунда билим берүү мекемелеринин жаңы 2025-2026-окуу жылына даярдыгы боюнча жүргүзүлүп жаткан мониторингдин алкагында Бишкек шаарынын Свердлов районунун мектептерине жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жеринде текшерүү жүргүзүлдү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева катышты.
№32, №33, №38 мектептер, ошондой эле №35, №39, №145 мектепке чейинки билим берүү уюмдары текшерилди. Негизги көңүл 1-сентябрга карата оңдоо иштерине, санитардык абалына жана объектилердин даярдыгына бурулду.
Объекттерде капиталдык жана утурумдук оңдоо иштери жүрүп жатат:
- негизги иштер Капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу;
- учурдагы жана косметикалык оңдоо, ошондой эле уюштуруу иштери - райондук билим берүү башкармалыгы аркылуу жүргүзүлөт.
Бир катар мекемелерде бекитилген графиктерден артта калуулар, иштин сапатына карата айрым эскертүүлөр, ошондой эле жумушчу бригадалардын саны жетишсиз экендиги катталган. Мындай жагдай окуу жылынын башталышына карата объекттерди даярдоонун өз убагында бүтпөй калуу коркунучун жаратат.
Текшерүүнүн жыйынтыгында белгиленген мөөнөттө аткарылбай, оңдоо иштерин талаптагыдай эмес уюштурууга жол берген жооптуу кызматкерлерге тартиптик чара көрүү чечими кабыл алынды.
Кошумчалай кетсек, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринде санитардык талаптардын бузулгандыгы аныкталган – муздаткычта оңдоо үчүн жабылган учурдан калган бузулган тамак-аштар табылган. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.
Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева бардык билим берүү мекемелери жаңы окуу жылынын башталышына толук даяр болушу үчүн иштин темпин тездетүү, жооптуу түзүмдөр тарабынан көзөмөлдү күчөтүү жана белгиленген мөөнөттү так сактоо зарылдыгын белгиледи.