Кабыл алууда конуштардагы мыйзамсыз курулуштар, борбордук канализацияга кошулуу, турак бөлүү маселелери айтылды.


Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов «Бишкекбашкыархитектурага» жана жеке турак-жай курулуш департаментине талаштагы жер тилкелеринин чегарасын аныктоону тапшырды. Ленин райондук администрациясына Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы жана Бишкек ЭЭА менен биргеликте канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.