30-июлда Бишкек шаарындагы 2025-2026-жаңы окуу жылына даярдык көрүүнүн алкагында мектептер менен бала бакчалардын ишин дагы жеринде текшерүү болду. Учурда капиталдык жана утурумдук оңдоо иштери жүрүп жаткан мекемелер: №6, 41, 49 мектептер, №1 мектеп-интернаты, ошондой эле №4 жана №159 бала бакчалар текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ыкчам чечүүнү талап кылган конкреттүү милдеттер аныкталды. Алсак, №41 мектепте пайдаланылбай жаткан кароолчунун күркөсүн демонтаждоону тездетүү боюнча акимчиликке, ал эми Капиталдык курулуш башкармалыгына жуунучу жайларды оңдоону тездетүү тапшырмасы берилди. №1 мектеп-интернатында жанаша жайгашкан аймакта санитардык бузуулар катталып, ага байланыштуу райондук билим берүү башкармалыгына тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан мектептерде жана бала бакчаларда, анын ичинде №6 мектепте жана №4, 159 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде аткарылган иштердин сапатына жана подрядчылар тарабынан белгиленген мөөнөттүн сакталышына өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

"Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасы  кыска мөөнөттө окуу жайлардын аймактарындагы авариялык бактарды санитардык бутоо жана кыюу тапшырылды.

Текшерүү жана көзөмөл окуу жылынын башталышына чейин уланат.