Борбор калаанын мэриясы жол инфраструктурасын жакшыртууну улантууда.
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын Октябрь району боюнча жолдорду капиталдык оңдоо боюнча негизги титулдук тизмеге 8 көчө киргизилген, алардын жалпы узундугу 3,2 км.
Учурда 3 участокто иш бүткөрүлдү: 10-кичи райондун Малдыбаев көчөсүнөн №36-1, 36-2 үйлөрдүн ортосунда Саманчин көчөсүнө чейин; 6-кичи район - Сухэ-Батор көчөсүнөн № 7, 9 үйлөрдү бойлой С.Каралаев көчөсүнө чейин; 3-кичи район Койбагаров көчөсүнөн №18, 17, 16, 15, 14 үйлөрдүн жанынан Сүйөркулов көчөсүнө чейин.
Узундугу 2,2 км болгон 4 көчөдө жолду капиталдык оңдоо иштери уланууда.
5-кичи райондогу №16/2 үйдөн №109 бала бакчага чейинки аянт асфальт төшөөгө даяр.
Армейская көчөсүнүн Кийизбаев көчөсү №145 дарегинен Армейская көчөсү №177А дарегине чейин сугат системасын орнотуу иштери жүрүп жатат.
Октябрь районунун конуштарында да жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат. Алтын-Ордо конушундагы №9 көчөдө жалпы узундугу 1,1 чакырымды түзгөн капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Буга чейин бул көчө таштак жол болгон. Оңдоо иштери аяктагандан кийин жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн жаңы жол, эки тарапка тротуарлар жана ирригациялык системалар пайда болот.
4-кичи райондо №41, 43, 44, 49, 30А, 49/1 үйлөрдүн бойлорунда эски асфальттарды алуу, бордюрларды жана ирригациялык системаны орнотууга даярдоо иштери жүрүп жатат.
Кошумча титулдук тизмеге тротуарды оңдоо жана №13 ҮДБ жанындагы Молдокулов көчөсүн бойлото унаа токтотуучу жайларды уюштуруу камтылган.
Ошондой эле, магистралдык суу түтүгүн тартуу иштери аяктагандан кийин Коңорчок көчөсүнө Ахунбаев көчөсүнөн дарыяга чейин асфальт-бетон төшөлдү. Тротуарды оңдоо иштери жүрүп жатат, бирок азырынча газ түтүктөрү жылдырыла элек, бул айрым участокторго кирүүнү убактылуу чектөөдө.