Жарманкеде шаардыктар кышкыга азык-түлүк сатып алууларына, ал эми дыйкан чарба ээлери өз продукциясын сатып өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Чүй облусунун бардык райондорунан ондогон өндүрүүчүлөр ортомчуларсыз жер-жемиш, мөмө жемиштин түрлөрүн, бал, сүт жан эт азыктарын жарманкеде сатышат.
Азык-түлүктөрдүн жарманкеси «Жал» кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө, Токомбаев көчөсүндөгү «Асанбай» базарында жана Ауэзов- Салиева көчөлөр кесилишинде өтөт.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жарманкеде таза азык-түлүктөрүн сатып алууга жана кышка даярдыктарды көрүүгө чакырат.