Бишкек шаарынын жол инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жолчулар борбор калаанын жолдорун жана тротуарларын капиталдык оңдоо иштерин активдүү жүргүзүп жатышат.

Учурда Жумабек көчөсү боюнча Раззаков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин ысык асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин эски асфальтты сыйруу иштери жүргүзүлүп, тротуар уюштурулуп, ирригациялык система орнотулган. Ошондой эле айдоочулар үчүн унаа токтотуучу жайлар уюштурулган.

Асфальт төшөлүп бүткөндөн кийин жол чийиндери чийилип, жол белгилери орнотулат.