Бишкек шаарында билим берүү мекемелерин жаңы 2025-2026-окуу жылына даярдоо иштери уланууда.
№56 мектепте билим берүү мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча жигердүү иштер улантылууда. Учурда билим берүү мекемесинде окуучулардын билим алуусу жана эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган ашкана менен китепканада оңдоо иштери жүргүзүлүп, мурда чарбалык муктаждыктар үчүн пайдаланылып келген жайларда косметикалык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, актовый залды жана спорт залды оңдоого кошумча каражат табуу жагы Капиталдык курулуш башкармалыгына тапшырылды. Бул чаралар иш-чаралардын, спорттук иш-чаралардын сапатын бир топ жакшыртат жана билим берүү процессинин бардык катышуучулары үчүн коопсуз жана заманбап инфраструктураны камсыз кылат.
№56 орто мектеп 1971-жылы долбоордук кубаттуулугу 800 орундуу, 1989-жылы 600 орундуу кошумча окуу корпусу курулган. 52 окуу кабинети, 2 спорт зал, актовый зал, ашкана бар. 2024-2025-окуу жылында мектепте 1650 окуучу билим алып жаткан. Билим берүү кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн базистик окуу планына ылайык жүргүзүлөт.
Бишкек шаарынын мэриясы мектептердин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө олуттуу көңүл буруп, билим берүүнүн жана тарбиялоонун заманбап стандарттарына жооп берген шарттарды камсыздоо боюнча иштерди улантууда.