Зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам берүү борборунда жарандык коргоо жана өрт коопсуздугу маселелери боюнча окутуу болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Октябрь району боюнча өкүлдөрүнүн, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин катышуусунда уюштурулду.

Окутуу лекцияларынын алкагында өзгөчө кырдаалдарда өзүн алып жүрүү эрежелери, эвакуациялоо тартиби, ошондой эле жеке коопсуздук чаралары талкууланды. Өрт чыккан учурда практикалык аракеттерге өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, катышуучулар жарандык коргоого тиешелүү көптөгөн суроолорду беришти, атап айтканда, жер титирөө учурунда кантип туура аракеттенүү керек.

Маалымат үчүн: Зордук-зомбулуктан жана катаал мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борбору Бишкек шаарынын аймагында оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга шашылыш укуктук, социалдык жана психологиялык жардам көрсөтөт.