Жолугушуда башчы  катышуучуларды шаардагы, райондогу коомдук-саясий абал менен тааныштырды. Балдар мекемелериндеги кароол кызматына, ата-энелер менен иштешүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле уюмдарга видео көзөмөл камераларын орнотуу маселеси талкууланды. Бардык бала бакчаларда видео камера орнотулбагандыктан 2016-жылдын аягына чейин камераларды орнотуу графигин түзүүнү белгиледи.

Жыйында камераларды орнотууга каражат бөлүү чечими чыгарылды.