Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев социалдык тармактарда кеңири талкуу жараткан жол курулушунун сапаты боюнча текшерүү иштерин жүргүздү. Ал борбор калаада капиталдык оңдоодон өткөн жолдордун учурдагы абалын шаардык кеңештин депутаттары, муниципалдык кызматтардын жетекчилери жана подрядчы уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте көрүп чыкты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жол курулушунун сапаты, подрядчы уюмдардын жоопкерчилиги жана келишимдеги кепилдик мөөнөттөрү талкууланды.

2024-жылдын ичинде Бишкек шаарынын мэриясы алты көчөдө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзгөн. Бул иштерди үч подрядчы уюм аткарган. Келишимдин негизинде аталган ишканалар оңдолгон жолдорго үч жылдык кепилдик берет. Эгерде асфальт же башка элементтер сапатын мөөнөтүнөн мурда жоготсо, аларды подрядчы өз эсебинен оңдоп же толук калыбына келтирүүгө милдеттүү.

Айбек Джунушалиев жол курулушунда сапатка көзөмөлдү күчөтүү, асфальттын курамын тийиштүү лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү, ал эми Муниципалдык инспекцияга оор жүк ташуучу унааларды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды тынымсыз өткөрүү, тескемедеги талаптар аткарылбаган учурда чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, шаар жетекчиси курулуш стандарттарын кайра кароо жана бул багытта илимий чөйрө менен кызматташууну караштырып жатканын билдирди.