Бишкек мэриясы жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизди: эреже бузуулар катталса катуу чаралар көрүлөт

Жол коопсуздугун камсыздоо, жолдордун сапатын сактоо жана пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы шаардын көчөлөрүндө оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизип жатат.

Бул чаралар үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин саат 10:00дөн 19:00гө чейин күчүндө болот. Бул мезгилде муниципалдык жолдордо уруксат берилген максималдуу салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат.

Убактылуу чектөө төмөнкү унааларга жайылтылбайт:

гуманитардык жардамды жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташуу;
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан автомобиль жолдорун курууга жана оңдоого тартылган;
Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык тапшырыктын негизинде жүк ташууну ишке ашыруу.

Белгилей кетсек, ысык аба ырайында каттаган оор жүк ташуучу унаалар асфальтты бузган фактылары көбөйгөн.

Ошондой эле, шаар тургундары мындай унаалардын түнкүсүн гана жүрүүсүнө уруксат берүү жагын бир нече жолу айтышкан.

Муниципалдык инспекция ЖККБ менен биргеликте күн сайын рейддерди жүргүзүп, бул маселе өзгөчө көзөмөлгө алынды.

Белгиленген талаптар бузулган учурда тартип бузгандар Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 181-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.