Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менчигинин түрүнө  карабастан, бош турган жер участокторунун ээлерине  "Бишкекбашкыархитектура" тарабынан бекитилген эскизге ылайык тосмолорду орнотуу боюнча эскертүүлөрдү берүү тапшырмасын койду.

Ошондой эле, ар бир объект тууралуу толук маалыматты (анын ичинде ижара акысы тууралуу маалыматтарды) камтыган QR-коддорду жана маалымат такталарын орнотуу милдети коюлду.

Шаар башчысы  участоктордун ээлерин шаардын көрктөндүрүү эрежелерин, санитардык талаптарды жана өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди сактоого милдеттендирүүнү тапшырды. Анын ичинде — участокторду куураган чөптөрдөн тазалоо иштери да камтылышы керек.

"Бишкекбашкыархитектура" мекемесине кыска мөөнөттө бирдиктүү дизайн иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Административдик райондордун башчыларына чарба субъекттери жана жер участокторунун ээлери менен, менчигинин түрүнө карабастан, тиешелүү иштерди жүргүзүү милдети жүктөлдү.

Муниципалдык менчик башкармалыгына өздөштүрүлбөгөн объекттерди инвентаризациялоо жана мыйзам бузуулар болгон учурда ижара келишимдерин мөөнөтүнөн мурда бузуу боюнча сунуштарды даярдоо тапшырылды.

Муниципалдык инспекция шаардык кызматтарга ар тараптуу жардам көрсөтүп, мыйзам бузгандарга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрүүгө тийиш.