Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын (КМДТжСА) спорт аянтчаларында кум үстүндөгү волейбол боюнча шаардык чемпионаттын финалдык оюндары өттү. Бул спорттун түрү боюнча чеимпионат Бишкек шаарында биринчи жолу уюштурулуп жатат. Анын негизги максаты — бул спорттун түрүн жайылтуу жана өстүрүү.
Мелдеш ОРАБӨСОМ тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен биргеликте уюштурулду.
Чемпионаттын негизги максаты — Бишкек шаарынын кум үстүндөгү волейбол боюнча курама командасын түзүү.
Жеңүүчүлөргө кубоктор, медалдар жана дипломдор ыйгарылды, ал эми мыкты оюнчуларга Бишкек шаарынын курама командасына кирүү мүмкүнчүлүгү берилди.
Кыз-келиндер арасындагы жыйынтыктар:
•1-орун: «ОРАБӨСОМ» командасы;
•2-орун: «Бишкек» командасы;
•3-орун: «Салам Алик Дордой» командасы.
Эркектер арасындагы жыйынтыктар:
•1-орун: «Силах» командасы;
•2-орун: «Ат-Башы» командасы;
•3-орун: «Талас» командасы.