Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Красный строитель конушунда 140 орундуу бала бакчада капиталык оңдоп-түзөө иштери уланууда. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1488,4 чарчы метр болуп, ал эми жер тилкесинин аянты - 0,517 га.
Капиталык оңдоп-түзөөнүн алкагында балдардын тарбиясы жана өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү каралган. Биринчи кабатта эки тайпага арналган уктоо жана оюн бөлмөлөрү, буфет, кир жуучу жана үтүктөөчү жайлар, санитардык түйүндөр, кызматкерлер үчүн бөлмө, медициналык кабинет, ашкана, техникалык бөлмөлөр жана кампалар жайгашат. Экинчи кабатта дагы төрт тайпа үчүн уктоо жана оюн бөлмөлөрү, башчынын кабинети, музыкалык жана гимнастикалык сабактар үчүн өзүнчө залдар болот.
Бала бакчанын аймагында балдардын коопсуз жана активдүү эс алуусу үчүн алты оюн аянтчасы курулат.
2022-жылы 140 орундуу бул бала бакча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен болгон алмашуу келишиминин негизинде муниципалитеттин карамагына өткөрүлгөн.
Бала бакчадагы капиталык оңдоп-түзөө иштери райондогу мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги шарттарды жакшыртуу программасынын алкагында жүрүп, бөбөктөр жана мекеме кызматкерлери үчүн заманбап жана ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө багытталган.