Социалдык жактан аялуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук тестирлөөнүн алкагында Бишкек шаарында бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Бүгүнкү күндө райондук муниципалдык администрациялардын социалдык комиссиялары тарабынан 14 жыйын өткөрүлүп, 154 баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү тарабынан онлайн арыз келип түшүп, 80 арыз жактырылды.
Биринчи май району боюнча –30 арыз каралып, 30 жактырылды, Ленин району боюнча – 17 арыз келип түшүп, 10 жактырылды, Октябрь району боюнча – 22 арыз келип түшүп, 5 жактырылды, ал эми Свердлов району боюнча - 85 арыз келип түшүп, 35 жактырылды.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарына 200 квота берилген. Бул багыттагы иштер улантылууда.