Бишкектин Фрунзе көчөсү Т.Айтматов көчөсүнөн К.Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы тарабынан иштер жүргүзүлүүдө.

Буга байланыштуу 2025-жылдын 24-июлунан тартып Фрунзе көчөсү менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишкен жеринин батыш тарабы түтүктөрдү алмаштыруу үчүн жабылат. Иштин узактыгы 37 күн, 2025-жылдын 24-июлунан 30-августуна чейин болот.

Белгилей кетсек, эки тараптуу кыймыл Ибраимов көчөсүнүн чыгыш тарабынан Огонбаев көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейин уюштурулат.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык  ишканасы бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамыңызды алдын ала пландап алууңуздарды суранат.