2025-жылдын 15-18-июль күндөрү Биринчи Май районунда өспүрүмдөр арасындагы мыйзам бузуулардын алдын алуу, алардын эмгекке тартылышын токтотуу жана түнкү убакта ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү жок көчөдө жүрүүсүн аныктоо максатында профилактикалык рейддер өткөрүлдү.
Рейддер күндүзгү жана түнкү этаптарда «Кудайберген», «Сары-Өзөн», «Азиз» базарларында, Көлмө жана Пригород конуштарында, ошондой эле шаардын борбордук бөлүгү — Ала-Тоо аянтында өттү.
Иш-чараларга райондук администрация өкүлдөрү, Социалдык өнүгүү башкармалыгы, Ички иштер министрлигинин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жана аймактык башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
Рейддердин жыйынтыктары:
Күндүз 11 өспүрүм базарларда эмгектенип жүргөнү аныкталды;
Түндө 28 өспүрүм ата-энеси жок көчөдө жүргөн: алардын 23ү үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилди, 5и Өспүрүмдөрдү колдоо борборуна жеткирилди.
Бардык балдар жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен профилактикалык маектешүүлөр жүргүзүлүп, актылар түзүлдү жана материалдар жашаган жери боюнча тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.
Райондук администрация балдардын коопсуздугу жана жакшы турмушу — эң маанилүү милдет экендигин эскертет жана ата-энелерди өспүрүмдөрдүн эс алуусун көзөмөлдөөгө жана түнкүсүн аларды көзөмөлсүз калтырбоого чакырабыз.