Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында “Бишкек шаарынын мэриясынын борбор калаанын мектептерин жаңы 2025-2026-окуу жылына даярдоо, анын ичинде 12 жылдык мектептерге өтүүнүн алкагындагы иши жөнүндө” деген темада брифинг өттү.

Брифингдин жүрүшүндө мэрдин орун басары Виктория Мозгачева Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Бүгүнкү күндө муниципалитет 2025-2026-жаңы окуу жылына кызуу даярдык көрүүдө. Бул даярдыкка мекемелерде жүргүзүлүп жаткан капиталдык жана учурдагы оңдоолор кирет. Быйылкы жылы шаардын билим берүү мекемелерин капиталдык оңдоого шаардык бюджеттен 200 млн сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, типтүү бюджеттик каржылоонун алкагында оңдоо иштерине жана сырдоо материалдарын сатып алууга 86,66 млн сом бөлүнгөн.

Департамент жана билим берүү башкармалыктары тарабынан керектүү жабдыктарды алуу, материалдык-техникалык жактан камсыздоо, мектеп окуучуларына ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Коопсуздукту камсыздоо үчүн шаардык бюджеттен күзөт үчүн каражат бөлүнгөн. Мурда видеосистемалары орнотулбаган мектептерге, кошумча мектеп имараттарына жана бала бакчаларга VPN камераларын орнотууга 24,6 миллион сом өлчөмүндө каржылоо бөлүнгөн. Учурда билим берүү департаменти конкурс (тендер) жарыялады. Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен шаардагы бала бакчалар менен мектептердин ички көзөмөл камераларын жаңылоо жана жабдуу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 45 миллион сом бөлүндү.

2025-жылы окуу китептерин сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 68,55 млн сом бөлүнгөн.30-июлга чейин райондук билим берүү башкармалыктары окуу китептерин сатып алуу боюнча «Учкун» ААКсы менен келишим түзүшөт.

Ошондой эле, учурда бардык билим берүү объектилеринин белгиленген талаптарга толук ылайык келүүсүн камсыздоо жана балдарды окутуу жана тарбиялоо үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилүүдө.