Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жаңы жолдун (ЖЭБдин жанында) курулушунун башталышы менен таанышты .
Калаа башчысы курулушу пландалган участок менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди.
Тиешелүү иштерди жүргүзүү Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына тапшырылды.
Курулуп жаткан жолдун жалпы узундугу 800 метрди, туурасы 8 метрди түзөт. Жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн жолдун бир тарабына туурасы 2 метрден ашкан тротуар курулат.
Мэр Айбек Джунушалиев жол боюна унаа токтотуучу жайларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырып, жолду курууга бардык даярдык иштерин баштоо милдетин койду.