Бишкек шаарынын Ленин райондук муниципалдык администрациясынын, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү "Акниет" турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын борборунда убактылуу жашап жаткан балдар менен профилактикалык иш-чара өткөрүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө балдар менен жеке коопсуздук эрежелерин, коомдогу жүрүм-турум нормаларын, ошондой эле алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө багытталган профилактикалык баарлашуулар өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты - өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, жашоого жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу жана балдар менен мамлекеттик органдардын өз ара байланышын күчөтүү.