Астанада (Казакстан Республикасы) каратэ боюнча эл аралык “Kazakhstan Open 2025” турнири өттү. Мелдешке алты өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Беларусь, Орусия жана Өзбекстандан 600дөн ашык спортчу катышты.
Кыргыз Республикасынын улуттук каратэ-до федерациясынын курама командасы тарабынан 40 спортчу, анын ичинде "Олимп" ОРАӨСМ тарбиялануучулары көрсөтүлдү. Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандыктар 4 алтын, 8 күмүш жана 12 коло медалга ээ болушту.
1-орун (алтын медаль):
- Готовцев Алим (14-15 жаш, 57 кг чейин);
- Камилов Алинур (14-15 жаш, 70 кг жогору);
- Даян Деря (16–17 жаш, 66 кг жогору);
- Натальченко Вера (16–17 жаш, 66 кг чейин).
2-орун (күмүш медаль):
- Илья Кабелев (16–17 жаш, 76 кг жогору);
- Таирова Амина (18–20 жаш, 50 кг чейин жана 18 жаш жана андан улуу, 50 кг чейин - эки күмүш медаль);
- Байжигитова Даткайым (16–17 жаш, 66 кг жогору);
- Бейшембаева Нурай (12–13 жаш, 52 кг жогору).
3-орун (коло медаль):
- Акылбек уулу Эрлан (18–20 жаш, 67 кг чейин);
- Капаркулов Эржан (18–20 жаш, 67 кг чейин);
- Мордвов Артем (14–15 жаш, 70 кг чейин);
- Бейшембаев Нуртилек (14–15 жаш, 70 кг чейин);
- Эгамбердиева Рукая (14–15 жаш, 61 кг чейин);
- Саякбаев Алишер (18 жаш жана андан улуу).