Бишкек шаарында Чүй проспектиси менен Ауэзов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөнү реконструкциялоо иштери башталган. Бул иштердин алкагында Ауэзов көчөсүнүн Шабдан Баатыр көчөсүнөн Сагымбай Манасчы көчөсүнө чейинки бөлүгү 2025-жылдын аягына чейин убактылуу жабык болот.

Реконструкциядан кийин көпүрөнүн туурасы 13 метрден 24 метрге чейин кеңейет, тротуарлар жана транспорт каражаттары үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Жол кыймылындагы убактылуу чектөөлөргө байланыштуу төмөнкү коомдук транспорт каттамдарынын багыттарында өзгөрүүлөр киргизилди:
•№7
•№36
•№48
•№105
•№216

Бул каттамдар убактылуу жаңы схема боюнча каттайт. Төмөндө кыймыл чиймелер берилди.

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундары менен конокторунан кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.