А.Боталиев атындагы сейил багында жарыктандыруу тармагын толук модернизациялоо иштери аяктады.
«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында паркка 130 даана энергия үнөмдөөчү лампалар орнотулду. Ошондой эле жарык берүүчү мамылар оңдолуп, сырдалган, кабелдик чубалгылар толугу менен жаңыланган.
Бул иштер кечки жана түнкү коопсуздукту күчөтүп, шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түздү.
“Бишкекжарык” МИси коомдук жайларды жарыктандырууну жакшыртуу боюнча иштерди улантууда.