Бишкек ЖЭБинде 300 метр бийиктиктеги станциянын эң бийик түтүктөрүн сырдоо жана жарыктандыруу боюнча масштабдуу иштер башталды.
⠀
Мындай бийик объектилерде иштерди жүргүзүү адистештирилген техниканы, өнөр жайлык альпинизмди жана датка каршы материалдарды колдонууну талап кылат.
⠀
Мындай бийиктиктерде түтүктөрдү жуу, сырдоо жана жарык берүү боюнча толук масштабдуу иштер ЖЭБ ишке киргизилгенден бери биринчи жолу жүргүзүлүүдө.
⠀
Сырдоо эстетикалык функцияны гана эмес, маанилүү техникалык милдетти да аткарат: металл конструкцияларын даттан коргоп жана объекттин иштөө мөөнөтүн узартат.
⠀
Иштер бардык эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана экологиялык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт.
⠀
Маалымат үчүн: “Бишкек ЖЭБ” МИси өлкөнүн түндүгүндөгү эң ири жылуулук электр борбору.